7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

530

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды.

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н. Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбордук Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн, Ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

 

531