7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды

346

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Керимли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжандын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.

347