7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага барды

384

Президент Садыр Жапаров бүгүн 2-июлда, иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.

385