7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты

322

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине барды.

Салтанаттуу ачылыш Харбин шаарындагы (КЭР) эл аралык көргөзмө борборунда өттү. Ага Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын Премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар да катышты.   

IX Азия Кышкы оюндарынын ачылыш аземинде Харбинди, Кытайды жана бүтүндөй Азияны камтыган символикалык саякат көрсөтүлдү. Программа кыш мезгилинин терең маданий маанисин чагылдырган «Жалындаган муз жана кар» сегменти менен башталды. Андан кийинки «Кыймылдагы ышкыбоздук» бөлүгү кышкы спорттун динамикасын жана өзүнө тарткан укмуштуудай духун ачып берет. Салтанат Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдү бириктирип турган бекем байланыштарга арналган таасирдүү арноо — “Түбөлүк достук” менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасында спорттун алты түрү: хоккей, керлинг, слалом, лыжа жарышы, биатлон жана көркөм муз тебүү боюнча 40 спортчу бар.  

IX Кышкы Азия оюндары 7-февралдан 14-февралга чейин Харбинде өтөт. Ага Азиянын 34 өлкөсүнөн жана региондорунан 1270тен ашык спортчу катышат. 

 

 

 

323