7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу иштөөсүнө мүмкүндүк берет

390

Камбар-Ата-1-ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте энергетиканын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, кылым долбоору аталган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү фазада турат.

Жайга чейин ГЭСтин дамбалык базасын жана башка инфратүзүмдүк объектилерди куруу иштери башталат.

“Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат”, — деди президент.

391