7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров карабах аттарынын «Жеңиш» шоусуна катышты

326

Президент Садыр Жапаров 3-июлда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» деп аталган шоу-программасына катышты.

Иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында өттү.

Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана байыркы жылкычылык салттарын чагылдырган карабах аргымактарынын оюндары көрсөтүлдү. 

Көрүүчүлөргө улуттук кийимчен атчандардын катышуусундагы көркөм шоу-программа тартууланып, алар ат минүүнүн классикалык жана элдик мектебинин элементтерин жана ат үстүндө ойнолуучу оюндарды көрсөтүштү. 

Оюндардын алдында атчандар Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тууларын салтанаттуу түрдө көтөрүп чыгышты. 

Көрсөтүү азербайжандын салттуу музыкасы жана улуттук бийлери менен коштолду.

 

 

 

327