7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Каржылык чоң чыгымдарды талап кылган уюштуруу иш-чараларынан баш тарттым

271

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди.


Төмөндө Садыр Жапаровдун комментарийи:

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм.


Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем.


Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү.


Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл”, — деп айтылат кайрылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272