7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өткөрүлүшү менен куттуктады

144

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Казакстан Республикасынын Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

“Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем.

Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борбордук Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам.

Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

 

145