7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

522

Президент Садыр Жапаров бүгүн Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Мамлекет башчысы элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, бай дипломатиялык тажрыйбанын жана жеке аракеттердин аркасында кыргыз-катар мамилелери өз ара кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Катар мамлекети менен эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана инвесторлор менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин белгиледи. Ошону менен бирге министрлер кабинети ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

Өз кезегинде элчи Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин жылуу саламын айтып, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-катар көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыктарын билдиришти.

523