7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Киото префектурасынын губернатору менен жолугушту

605

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-ноябрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугушту.

Жогорку даражалуу меймандар менен саламдашып жатып, губернатор Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы бардык тармактарда туруктуу өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелерди канааттануу менен айтып, өткөн жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенине токтолду.

Такатоши Нишиваки президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясынын жана жеке өзүнүн атынан япон тарапка Япониянын байыркы борбору — «Миң храм шаарындагы» жылуу кабыл алуу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Күн чыгыш өлкөсүнүн кооздугуна, тактап айтканда Киото шаарына суктанып, таасирленгенин айтып, Япония дайыма өзүнүн уникалдуу салты менен азыркы учурду айкалыштыруу жөндөмү менен таанымал экенин белгиледи. Садыр Жапаров япон тараптан үйрөнө турган көп нерсе бар деп айтып өттү.

Садыр Жапаров кечээ Токиодо өткөн жолугушуулар эки тараптуу өнөктөштүктүн мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берерин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашты.

606