7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров коопсуздук кеңештердин катчыларынын Ооганстан боюнча жыйынына келгендер менен жолукту

350

Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан коопсуздук кеңештердин катчылары/кеңешчилеринин Ооганстан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолукту.

Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр катышты.

Президент өз сөзүндө Ооганстандагы татаал кырдаалды талкуулоонун актуалдуулугун баса белгилеп, бул өлкө туш болуп жаткан маселелер менен коркунучтардын кеңири спектрин белгиледи. Садыр Жапаров Ооганстандын эң башкы үч маселеси катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады.

Биргелешип көрүлүп жаткан аракеттер туурасында айтып жатып, кыргыз президенти региондогу өлкөлөр тарабынан өз убагында, макулдашылган жана комплекстүү кадамдар ооган багытында куралдуу тирешүүнүн очокторунун пайда болуу ыктымалдыгын кыйла азайтууга мүмкүндүк бергенин канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы эки тараптуу деңгээлде жана ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕАЭБ, ТМУ сыяктуу эл аралык уюмдардын аракеттери алкагында активдүү жана тыгыз өз ара кызматташуу аркылуу Ооганстан маселелери боюнча ишке жарамдуу модель калыптанганын айтып өттү.

Ооган экономикасына токтолуп, Садыр Жапаров өлкөнүн улуттук банкынын тоңдурулган активдери ооган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикир билдирди.

Президент – Кыргыз Республикасы Ооганстанга гуманитардык жардам, анын ичинде Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жана географиялык жактан обочолонгон, Улуу жана Кичи Памирдин бийик тоолуу аймактарында жашагандарга азык-түлүк менен дары-дармек жеткирүүнү улантып жатканын да айтты. Садыр Жапаров, ошондой эле, гуманитардык жана экономикалык кризистен чыгууга жардам берүү максатында Ооганстан менен экономикалык жана маданий диалогду кеңейтүүгө Кыргызстан даяр экенин билдирди.

Кыргыз мамлекет башчысы аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерди мындан ары да координациялоо зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле, өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттери аркылуу гана эл аралык коопсуздукту камсыз кылып, маанилүү натыйжга жетүү болот деген ишенимин билдирди.

Иш-чара региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында конструктивдүү диалогду улантууга жана актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө чакыруу менен аяктады. Катышуучулар президентке ыраазычылык билдирип, ооган маселесин жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын кошкон салымы зор деп белгилешти.

351