7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кореянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

203

Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен корей тараптын демилгеси боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, корей элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик миссияны аткарууда ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышындагы оң натыйжаларды белгилешти. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык өнүгүү жаатында кызматташтык фондунун (EDCF) багыты боюнча 2025-2029-жылдарга карата инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылоону караган Алкактык макулдашуунун мааниси баса көрсөтүлдү. Акыркы жылдардагы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын өсүшү белгиленди.

Кореянын президенти Кыргызстан Кореянын Борбор Азия аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин ырастады. Ли Чжэ Мён Кыргызстандын экономикасынын өсүү динамикасын жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжаларын жогору баалады.

Президент Садыр Жапаров Кореянын президентин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Жооп иретинде Ли Чжэ Мён чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, жеке жолугушууга үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде корей лидери Садыр Жапаровду 2026-жылы өткөрүү пландаштырылган «Борбор Азия – Корея Республикасы» мамлекет башчыларынын саммитине катышууга чакырды.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп жактуу кызматташтыктын алкагында алдыда боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары да чыңдоого жана эки мамлекеттин жана алардын элинин кызыкчылыгын көздөгөн артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.

204