7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду

527

Садыр Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана КРнын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясы 21-апрелди Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп жарыялады. Мындан тышкары, 2021-жыл БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү максатында Креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу Жарлык өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

Соңку жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, ошондой эле  элдин тарыхый-маданий каада-салттарын сактоо менен калктын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн монетизациялоого мүмкүндүк берүүчү экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары  креативдүү экономика бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү өнүгүүдө.

Адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 

  • Креативдүү экономика КРнны мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустриялар секторун илгерилетүүгө мүмкүндүк берген, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүлсүн.
  • Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитсин;

  • креативдүү индустриялар классификациясын аныктасын;
  • Креативдүү индустриялар паркын түзсүн;
  • 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, Креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыксын, анын ичинде Жогорку Кеңешинин кароосуна “ Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” КРнын мыйзамынын долбоорун киргизсин.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528