7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кунихара Эбина менен кызматташтыкты талкуулады

143

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга жасаган расмий сапарынын алкагында Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын (JATA) башчысы Кунихара Эбина менен туризм тармагындагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Туризм тармагындагы байланыштарды кеңейтүү маселелери жана бул жаатта өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан бул чөйрөдө кызматташтыкты өнөктөштүктүн өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү шарттарында орнотууга кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда ишкердик, кышкы, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, маданий, ошондой эле активдүү туризм сунушталып жатканын айтып берди. Ошол эле учурда өлкө жетекчилиги ар бир турист өзүн ыңгайлуу жана ишенимдүү сезиши үчүн умтулат. Бүгүнкү күндө өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган реформалар жүргүзүлүүдө.

Ал Кыргызстандын пайдалуу географиялык жайгашуусу – бүткүл Борбор Азия боюнча айкалышкан турларды түзүүгө мүмкүндүк берээрине басым жасады. Бул контекстте ал япон тарапты өз ара туризмди өнүктүрүүдө, ошондой эле өлкөнүн туризм тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда активдүү кызматташууга чакырды.

Садыр Жапаров япониялык туроператорлорду Кыргызстанга келип, кызыктуу инвестициялык сунуштар менен таанышууга чакырды.

JATAнын башчысы Кунихара Эбина Кыргызстан менен туризм тармагында кызматташууну караштырып жатканын жана өлкөнүн бай туристтик потенциалын эске алуу менен бул багытта кыргыз кесиптештери менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин абдан канааттануу менен белгиледи.

Ал компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача айтып берип, кыргыз тарапка Япониянын туристтик рыногунда Кыргызстандын туристтик продуктыларын брендингге, байланыштар менен алмашууга, ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүү үчүн туристтерди тартууга багытталган практикалык иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында тараптар туристтик операторлордун ортосундагы түз байланыштарды көбөйтүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.

 

144