7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт

491

«Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда.

Мамлекет башчысы жакында Кыргызстандын азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толорун эске салды.

«Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык. Ошондой эле, Президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктары эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тарабынан таанылды.

Алдыда бизди 28-ноябрга белгиленген улуттук парламентке шайлоолор күтүп турат. БУУга мүчө-мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырам. Шайлоо убагына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал толугу менен турукташып калат деп ишеним артабыз», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492