7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасын кабыл алды

544

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы ассамблеянын алдыдагы 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар, анын жаңы Жобосун иштеп чыгуу, ошондой эле уюмдун ишмердигиндеги учурдагы чакырыктар жана перспективалар тууралуу маалымат алды.

Алмамбет Матубраимов Ассамблеянын ишмердүүлүгүнүн каржылоо маселесине токтолуп өттү. Мамлекет башчысы уюмдун алдында турган учурдагы финансылык кыйынчылыктарды чечүү үчүн зарыл чараларды көрүү менен байланышкан маселелерди кароого даяр экендигин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекеттик органдар жана коомдук түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү аркылуу өлкөдө элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди мындан ары чыңдоодо Кыргызстан элинин Ассамблеясынын маанилүү ролун белгиледи.

545