Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ведомствонун орун басарлары менен биргеликте атайын бөлүктүн курман болгон жоокерлерин эскерүү максатында «Альфа» атайын багыттагы кызматына барды.
Ташиев сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдуулар менен таанышты. «А» атайын кызматы ар дайым жаңы заманбап курал-жарак жана техника менен жабдылып турат.
12-майда «Альфа» атайын кызматы тарабынан каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. Анткени, 2006-жылы 12-майда «Альфа» атайын кызматы алгачкы аскердик жоготууларга учураган.