Кыргызстанда алгачкы жолу бүтүрүүчүлөр электрондук аттестат алышат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.
2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт.
Бул окуу жылында биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук күбөлүк берилет.