7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каркырада тоо-лыжа эко-шаарчасынын курулушу башталды

364

Түп районунда «Каркыра» тоо-лыжа эко-шаарчасынын курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдирди.

«Каркыра» тоо-лыжа эко-комплексинин жетекчиси Константин Куценконун айтымында, жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги чоң тоо комплексинин курулуш иштери алты этаптан турат. Долбоордун концепциясында 5 миңге чейин адам эс алууга ылайыкталып, жалпы сметасы 192 млн долларды түзөт. Лыжа тебүү трассаларынын жалпы узундугу 100,7 км, асма жол 20,7 км болмокчу.

Комплексте саркынды сууларды чыпкалоо жана жылытуу системаларында инновациялык технологиялар колдонулат. Ал Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарына, Эл аралык экологиялык стандарттарга жана Эл аралык лыжа федерациясынын (FIS) талаптарына ылайыкталат.

Эске салсак, 2023-жылдын 6-декабрында президент Садыр жапаров аталган тоо комплексинин долбоору менен таанышып, курулушка мезгил кутусун салган.

 

365