7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров акыйкатчыны кабыл алды

167

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды.

Мамлекет башчыга адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, ошондой эле мыйзамдарды жакшыртуу жана жарандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо механизмдери боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу, жарандардын юридикалык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле басмырлоого жана адам укуктарын бузууга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү маселелери талкууланды.

Жамиля Жаманбаева өткөн жылы Акыйкатчы институтуна 11 миңден ашуун адам кайрылганын маалымдады. «Ыкчам байланыш» номери аркылуу юридикалык кеңеш алуу үчүн төрт миңге жакын жаран кайрылган. Адам укуктарын коргоого тиешелүү сунуштарды жана резолюцияларды кабыл алуу менен 100дөн ашык иш-чаралар өткөрүлдү.

Садыр Жапаров адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылдыгын айтып, аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларына ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы жарандардын укуктарын коргоодо, укук бузуулардын алдын алууда жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда Акыйкатчынын ролу конституциялык нормаларды жана адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын сактоонун кепилдигинин маанилүү элементи экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Акыйкатчы институтунун алдына коюлган милдеттерди аткарууда ишмердүүлүгүн күчөтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууда эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

168