7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кызматташа турган өлкөлөрдү атады

281

Кечээ, 28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Эл алдына чыгып айткан сөзүндө ал «тынымсыз экономикалык өнүгүү, маданиятынын кайра жаралуусу жана туруктуулугу башка мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүүдөн көз каранды» экенин белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт. Бул эгемендүү Кыргызстан Америка, Европа жана Азия өлкөлөрү менен кызматташууга умтулат, дегенди түшүндүрөт.

Андан тышкары, «Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Союз, Түрк мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем», — деп айта кетти.

Ал Россия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Кытай, Америка ж. б. өлкөлөр менен алака түзүүгө даяр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

282