7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Малайзиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту

22

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Малайзиянын 50дөн ашуун ири компанияларынын, ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын башында Мамлекет башчы сөз сүйлөп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып берди.

«Биздин өлкөнүн географиялык жана стратегиялык абалы өтө оңтойлуу Биз соода жана транспорттук жолдордун кесилишинде турабыз. Ошону менен катар, биздин – гидроэнергетикалык ресурстардан тартып сейрек кездешүүчү металлдарга чейинки табигый байлыктарыбыз мол. Мындан сырткары, инвесторлор үчүн салыктык жана бажылык жагымдуу жеңилдиктери менен эркин экономикалык аймактарыбыз бар. Мына ушундай артыкчылыктары менен Кыргызстан ишкерлер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин баса белгилейм», — деди Садыр Жапаров.

Ал соңку жылдары мамлекет инвестициялык климатты ар тараптан жакшыртуунун үстүндө иш алып барып жатканын баса белгиледи. Акыркы үч жылда өлкөдө ички дүң продуктунун (ИДП) орточо өсүшү 9%га жакынды түздү. Инвесторлор үчүн жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлүп, укуктук кепилдиктер камсыздалып, ишмердүүлүк үчүн шарттар түзүлдү.

Президент Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери тууралуу да кыскача айтып берип, малайзиялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Мамлекет башчысы кызматташуунун келечектүү багыттары катары гидроэнергетика, агроөнөр жай, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо, санариптештирүү, минералдык-сырьёлорду казып алуу жана кайра иштетүү тармактарын карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын экспортко багытталган халал-индустриясын жана өлкөнүн туристтик чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү потенциалын белгиледи.

«Кыргызстан – бүткүл дүйнө үчүн ачык, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Малайзия менен болгон кызматташтыгыбыз өз ара сый-урматка, бекем ишенимге жана туруктуу өнүгүүгө умтулууга негизделген ийгиликтүү өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем», — деп сыймыктануу менен баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президенттин сөзүнөн кийин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады. Андан соң «Кыргыз Экспорттун» директору Урмат Такиров өлкөнүн экспорттук дарамети тууралуу презентациясын тартуулады.

Өз кезегинде Малайзиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Президент Садыр Жапаровго жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүн бергени жана ар кандай багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар болгону үчүн ыраазычылык билдиришти.

Алар мындай диалог ишкердик мамилелерди бекемдөө жана мындан аркы кызматташуу үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Мындан тышкары Кыргыз-Малайзиялык ишкердик кеңешинин төрагасы Зулазман Зулкифли бул сапарды кызматташуунун жаңы этабынын башталышы деп атады.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаровдун катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «AviaDinamika» компаниясынын Кыргыз Республикасында эт халал-паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум;

— «Кыргызалтын» ААКсы менен «Public Gold Marketing Sdn. Bhd.» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— «Кыргызалтын» ААКсы менен «Public Gold Marketing Sdn. Bhd.» компаниясынын ортосундагы аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтынды сатып алуу-сатуу келишими;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «CitaGlobal Berhad» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «PLATINUM GREENHAVEN (M) SDN BHD» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (Ниет каттары менен алмашуу).

23