7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

37

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим өткөн жылы Кыргызстанга болгон расмий сапары учурунда көрсөтүлгөн жылуу жана меймандос кабыл алуу үчүн терең ыраазычылык билдирип, өлкөбүздүн бай жаратылышын жана меймандостугун белгиледи.

Премьер-министр өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла бекемделгенин өзгөчө белгилеп, өзүнүн Өкмөт мүчөлөрүнө Кыргызстанга келип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, өлкөнүн кооз жерлерин көрүп келүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Премьер-министрдин кыргыз-малайзия достугу тууралуу берген баасына толук кошуларын баса белгиледи. Ал Малайзиянын Премьер-министринин Кыргызстанга сапары кыргыз-малайзия кызматташуусунун тарыхый окуясы катары эки жактуу байланыштарыбыздын бекемделишине чоң өбөлгө түзгөнүн ырастады.
Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

Бул контекстте ал былтыртан бери кыргыз-малайзия ар тараптуу байланыштары жигердүү өнүгүп, жаңы багыттар боюнча кызматташууга мүмкүнчүлүктөр жаралганын баса көрсөттү.

Садыр Жапаров Кыргызстан Малайзия менен бир катар келечектүү тармактарда, мисалы, продукциялардын өз ара импорт-экспортун кеңейтүүдө, анын ичинде эт, бал, жаңгак сыяктуу Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын Малайзияга экспорттоодо кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда халал-индустрия чөйрөсүндөгү кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, халал-продукцияны жөнгө салуу жана сертификациялоо боюнча Малайзиянын алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен, бул тармакта өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдарлык билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстанда биргелешкен халал-парктарды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, мамлекет тарабынан бул маселенин маңызы боюнча керектүү көмөк көрсөтүүгө даярдыкты белгиледи.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө гидроэнергетика рыногунда алдыңкы орундардын бирин ээлей турганын өзгөчө белгиледи. Ал Малайзиянын жашыл экономикага умтулуу саясатын колдоо менен бирге, Кыргызстандын аймагында чакан жана ири ГЭСтерди, кайра жаралуучу энергия станцияларды куруу долбоорлоруна катышууга чакырды. Ошондой эле ал Малайзиянын энергетикадагы алдыңкы технологияларын Кыргызстанга алып барууга кызыкдар экенин айтты.

Садыр Жапаров малайзиялык тарапты туризм тармагында кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө чакырып, малайзиялык стандарттар боюнча жогорку деңгээлдеги курортторду жана мейманканаларды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Премьер-министр Анвар Ибрагим кыргыз-малайзиялык өз ара аракеттенүүнү билим берүү, медицина, маалыматтык технологиялар, жашыл экономика, халал-индустриясы жана башка ар кандай багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Премьер-министр Малайзиянын ар кандай демилгелерди изилдөө жана аларды иш жүзүнө ашырууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кароого даяр экенин баса белгиледи.

Ал эки өлкөнүн компетенттүү министрликтерине жеринде өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн конкреттүү механизмдерин жана жолдорун иштеп чыгууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун бул сапары Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын Малайзияга акыркы отуз жылдагы биринчи расмий сапары болуп саналат.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

38