7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

463

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Өзбекстандагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү/ачуу аземи өтөт.

Мындан тышкары, бул сапарга карата кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана Кыргызстан жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар болот”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

464