7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр»

539

«Билесизби, чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет»,-деди Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигинде чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берип жатып.

«Билесизби, чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлерибиздин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. 10 танкасы болсо, экөө от алат. Анда дагы беш чакырымга жетпей өчүп калышты. Калганы жүрмөк түгүл, от албайт. 70-80-жылкы танкалар, аккумуляторлору жок. Бир истребителибиз, бир тик учагыбыз жок. Эмнесин айтайын, мына ушундай итке минген армияны өткөрүп алыптырмын. Бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары да эптеп эле экен. Дароо эки эсеге көтөрүп бердим. Бир жыл ичинде колдон келишинче, акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. «Итке минген» армиябыз эми «атка минип» турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз. Ал эми “биздин айылдарды тебелеп кетти” деген сөзүңүзгө жооп берейин. Тажикстан менен Кыргызстандын чек араларындагы айылдарда үйлөр шахматтын бетиндей болуп жайгашып калган. Союз чачыраганы биздин элдерибиз үйлөрүн сатып, Бишкекке же Россияга мигрант болуп кетишкен. Биз жакка алардын чабуулу башталганда ошол шахмат бетиндей болуп калган айылдарда жашаган калкыбызды былтыркыдай болбосун деп эвакуация кылып кеттик. Айыл бош калды. Алар бош калган үйлөрдү өрттөп, мектепке желегин илишти. Бирок кийин жооп катары сокку уруп, баарын бошотуп, кууп чыктык»,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540