7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек»

499

«Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсыл жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат»,- деди Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигинде чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берип жатып.

«17 жыл мурун мен маселе көтөргөндө азыркы шахмат бетиндей болуп жайгашып калган үйлөрдү акырындап сатып алышып, уламдан улам бери жылып келе жатышканын көрүп айткам. Бирок ал кезде мени эч ким уккан эмес. Мен көзү ачык эмесмин. Терең ойлонгон адамга азыркы күнү болуп жаткан окуяларды талдап туруп эле 10-15 жылдан кийин кандай болоорун туюп-билип койсоң болот. «Кумтөр» темасын көтөргөндө деле ошол жылдары бизге өтпөсүнө көзүм жеткен. Анткени мафия күчтүү эле. Бирок 10-15 жылдан кийин акыры бизге өтөөрүн ошондо эле көргөм. Курманбек Бакиевге чек ара маселеси менен эле эмес, “Ошту убактылуу борбор кылып, чек ара маселелери чечилгенге чейин президент, өкмөт, парламент баш болуп беш-алты жыл ошол жакка барып иштеп туралы” деген сунуш айткам. Бул сунушумду парламентте да көтөргөм. Ошондо мени түндүктүк туугандар «түштүктүктөргө жагынып атат» деп жаман көрүшкөн. Бирок менин максатым ал кезде түштүктүктөргө жагыш керек эмес эле. Жалпы мамлекетибиздеги проблема алдын ала чечилсе деген ой-максатым бар болчу. Ошондо Курманбек Бакиев: «Садыр, мен өзүм түштүктөн болсом, Акаевдин ордуна келип олтурсам, анан борборду Ошко көчүрүп кетсем, түндүктүктөр туура эмес түшүнүшөт, бул маселени көтөрбөй эле койчу, суранам», — деп болбой койгон. Ал эми талаш жерлерди берип эле салып маселени чечип салбайсызбы деген сурооңузга: Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсыл жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат. Ар бир сантиметр жер үчүн ар бирибиз кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек. Кыргызстандын жерлери сен экөөбүздүн менчик жерлерибиз эмес. «Ме» деп эле кармата салгыдай. Бул жерлерибиз үчүн ата-бабаларыбыз дагы канын, жанын аяган эмес. Биз дагы аябайбыз. Келечек муун дагы аябаш керек. Анткени биз ата-бабалардан ар бир карыш жерди келечек муунга мурас катары өткөрүп беребиз деп карызга алганбыз. Сенин да, менин да жерим эмес. Миңдеген жылдарга учугу улана турган келечектеги Кыргыздардын жери»,- деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500