7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес»

1025

Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү, чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берди.

— Интернетке сиздин уулуңуз Рустам жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыкты. Ал жакка кандай максатта барышты? Депутаттар дагы аскер кийимдерин кийип Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыккан, бул ошондой пиар эмеспи?

«Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана: «Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула», — деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1026