7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи өттү

436

Бүгүн, 15-майда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астына Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Өлкө лидерлери бири-бири менен салам алышкандан кийин, Кыргызстан менен Малайзиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Андан соң Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматкерлери өлкө башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим биргелешкен сүрөткө түшүп, кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

 

 

 

437