7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламент шайлоо алдында үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун четке какты

398

Жогорку Кеңештин жыйынында «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, депутат Замирбек Мамасадыков маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүү, ошондой эле саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлердин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кыйла натыйжалуу катышуусуна көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошентип, конституциялык мыйзамдын долбоору шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Арсланбек Малиев ар бир шайлоо округунда 120 миңге чейин шайлоочу бар экенин белгилеп, бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер тарта турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартпоону сунуштады. Эл өкүлү Дастан Бекешев да бул пикирди колдоп, үгүтчүлөр талапкерлердин шайлоо программасы тууралуу шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү иштерди аткарып жатканын кошумчалады. Ал эми депутат Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн конкреттүү санын белгилебей, алардын санын округдагы шайлоочулардын жыштыгына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады.Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

399