7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин жолугушуу аземи болду

745

Бүгүн, 20-апрелде Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасынын салтанаттуу маршы болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө багыт алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746