7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжаого Ысык-Көлдө кыргыз элинин маданий мурасын тартуулашты

310

Президент Садыр Жапаров жана Binance криптовалюта платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 4-майда, маданий иш-чарага катышып, анын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо кыргыздын салттуу улуттук оюндары жана маданий мурастары көрсөтүлдү.

Ипподромдо сыйлуу конокторду төкмө акындар салтанаттуу тосуп алып, андан соң делегация кыргыз элинин бай этномаданий мурасы менен таанышты. Атайын уюштурулган этнографиялык экспозициянын алкагында салттуу боз үйлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, жазалга-колдонмо искусство буюмдары, улуттук тамак-аш, ошондой эле көчмөндөр цивилизациясынын тарыхый-маданий жашоосунун өзгөчөлүктөрүн чагылдырган улуттук кийимдер коюлган.

Ошондой эле иш-чаранын программасында ат жана аңчылык оюндарынын улуттук түрлөрү, анын ичинде “Салбуруун”, “Жаа атуу”, “Тайган”, “Бүркүт салуу”, “Көк бөрү” оюндары көрсөтүлдү.

311