7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон «Түбөлүк достук” концертин көрүштү

297

Президент Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбе шаарындагы «Кохи Борбад» мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин «Түбөлүк достук» деп аталган концертин көрүштү.

Көрүүчүлөргө Кыргызстан менен Тажикстандын жамааттарынын жана аткаруучуларынын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

Иш-чарада эки өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган салттуу жана заманбап музыкалык жана бий өнөрлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын атынан иш-чарада Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Нурдин Тугелов атындагы «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин солисттери, Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, ошондой эле Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри чыгышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.

298