7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүздү

673

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын канааттануу менен  белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты.

Өз кезегинде Президент Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан Казакстандын Кудай кошкон кошунасы жана союздашы, ал эми кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгы белгиленүүдө жана бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674