7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду (ФОТО)

539

Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарында президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Ак-Кеме» мрамор чатырынын астында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө лидерлери Ардак кароолдун командиринин рапортун кабыл алышып, ротанын алдынан басышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырышты. Ардак кароолдун аскерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Эстеликке сүрөткө түшкөн соң, мамлекет башчылары чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүгө багыт алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540