7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жүндү кайрадан иштеп чыгуу маселесине көңүл бурду

739

Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кандай” маселелер саатында өлкөдөгү бир катар саясий-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өлкөдө малдын эти гана пайдаланылып, жүнү өрттөлүп жаткандыгы боюнча маселеге токтолуп: “Андыктан жүндү кайрадан иштеп чыгуу үчүн ишкана ачууну колго алуу керек”, – деди.

Ал эми депутат Жаныбек Абиров Бишкек шаарында турак-жайлар арбын салынып жатканы менен социалдык мекемелердин курулушуна көңүл бурулбай калганын белгилеп, калаада башаламан курулуштар жүргүзүлүп жатканын мисал кылды.

Ошондой эле Жалолидин Нурбаев Араван районуна тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүп, анын ичинен аймактарда кант диабети менен жабыркагандарга керектүү дары-дармек жетишсиз экенин кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Алишер Козуев Кыргызстанда байланыш кызматын аркалаган уюлдук компаниялардын ишмердүүлүгүн сынга алып, тейлөө сапаты начар экенине карабай, тариф жана кошумча кызматтар аркылуу акча алып жатканын жүйө келтирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740