Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Мажарстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун алдында премьер-министрдин кеңсесинде кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүү залына бет алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан президент Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу экономикалык жана саясий кызматташтык союздаштыктын жана достуктун бекем пайдубалысыз мүмкүн эместигин баса белгиледи.
Ал Кыргызстан акыркы жылдары жетишкен алгылыктуу өзгөрүүлөргө жана ийгиликтерге кызыгуу менен көз салып жатканын белгилеп, мамлекет башчысын таасирдүү натыйжалары менен куттуктады.
Виктор Орбан Кыргыз-Мажар өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишин канааттануу менен белгилеп, анын ресурстарын эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн негиз боло турган стратегиялык долбоорлорго жумшоонун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Премьер-министр Кыргызстан географиялык татаал абалына карабастан, ишенимдүү өнүгүүнү көрсөтүп, экономикалык позициясын бекемдеп жатканын өзгөчө баса белгиледи.
Ал Садыр Жапаровду Мажарстан келечектүү долбоорлорду кароого ачыктыгына жана Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга даяр экендигине ишендирди.
Өз кезегинде Садыр Жапаров өкмөттөр аралык мамилелердин активдүү өнүгүүсүн, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чыңдалгандыгын белгиледи.
Ал акыркы беш жылдын ичинде өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өскөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле мажар тарапка Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү чечими үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Бул чечим биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы перспективаларды ачат.
Садыр Жапаров Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго Мажарстандын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, логистика жана жаңы технологиялар боюнча мажарлардын тажрыйбасына кызыгуусун билдирди.
Садыр Жапаров мажарстандык инвесторлордун демилгелерин ар тараптуу колдоого, аларды коргоого жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү кызматташуу, стратегиялык өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелерди бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.