7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайына барды

620

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайына барды.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Беларустун президенти Александр Лукашенко тосуп алды.

Саламдашуу аземи менен чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.

621