7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Монголиянын премьер-министрин кабыл алды

148

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды.

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода-экономикалык тармактагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, Монголияга болгон сапарын жана өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон жолугушуусун, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү боюнча макулдашууларга жетишилгендигин жылуу маанайда эскерээрин белгиледи.

Садыр Жапаров Монголиянын лидерине саламын жолдоп, аны Кыргызстанга жооп иретинде мамлекеттик визит менен күтүп жатканын кошумчалады.

Президент азыркы кыргыз-монгол карым-катнашы өз ара ишеним, өз ара түшүнүшүү, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери боюнча бирдиктүү мамиле, эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча жакындык же позициялардын дал келүүсү менен мүнөздөлөрүн баса белгиледи. Тараптар ар бир негизги маселе боюнча өз ара колдоо көрсөтүүдө. Ошону менен бирге кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштады. Мында эки өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн анын сапаттуу жана маңыздуу толтурулушу үчүн зарыл болгон биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо керек.

Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташуу жаатында биргелешкен аракеттерди активдештирүүгө өзгөчө басым жасады. Кыргызстан менен Монголиянын алдында чет элдик инвестицияларды тартуу милдети турат. Кыргыз тарапка тоо-кен өнөр жайына жана айыл чарбасына инвестицияларды тартууда Монголиянын тажрыйбасы пайдалуу болот. Кыргызстан монгол ишканаларынын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда катышуусун кубаттайт.

Өз кезегинде Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Монголия Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жылуу саламын айтты.

Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ мындан аркы эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда мамилелерди түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал кыргыз тараптын Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы жана Монголия ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдарды өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу демилгесин да колдоду.

Жыйынтыгында тараптар практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантууга макулдашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

149