7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды

469

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды.

Бул капиталдаштыруу боюнча Америка Кошмо Штаттарындагы жана дүйнөдөгү эң ири фондулук биржа.

Нью-Йорк фондулук биржасынын вице-президенти Джон Таттл сооданы жеңилдетүү үчүн колдонулган, төрт соода залдарынан турган NYSE соода аянты жөнүндө, ошондой эле анын тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди.

Нью-Йорк фондулук биржасынын кеңсесинде жүргөндө Мамлекет башчысы биржанын иш процесси менен таанышууга жана тооруктун жүрүшүн байкоого мүмкүнчүлүгү болду.

Ошондой эле таанышуу учурунда Президент Садыр Жапаров NYSEнин ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470