7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ош кыргыз драма театрына барды

607

Бүгүн, 31-августта, президент Садыр Жапаров өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Ош кыргыз драма театрына барды.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы театрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, таш экспозицияларды көрүп чыкты, бул күндөрү Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында театрда өтүп жаткан Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборлорунун «Ош — достук шаары» көргөзмөсүнө барды. Бул жерде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын атынан келген ар башка элдин аксакалдары менен баарлашып, алардын каалоо-тилектерин, акыл-насааттарын угуп, аларды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Мамлекет башчысы өсүп келе жаткан муундарды ата-бабадан калган каада-салтты жана үрп-адаттарды урматтоого, асылдыкка жана мекенчилдикке тарбиялоодогу аксакалдардын татыктуу ордун баса белгиледи. Андан соң президент Садыр Жапаровго түрдүү экспозициялар көрсөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608