Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат.
Анын жүрүшүндө Ош облусунда толугу менен жаңы түптөлгөн Жаңы Барак айылын жана бир катар социалдык обьектилерди ачып, Жалал-Абад облусунун Казарман айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушат.