Бүгүн, 15-ноябрда эртең менен саат 08:30да Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Ашууларында жол ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиргендей, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Министрлик айдоочуларды ашууларга сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону зарылдыгын эскертет.