15-16-ноябрь күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолундагы Талдык ашуусунда көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдирди.
Министрлик мындан улам сапарга чыккандарга кооптуулук эрежесин сактап, жолдо автоунаалардын ортосунда 500 метрди сактап жүрүүнү эскертти. Ошондой эле, жолдор тайгак болот.