7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ошто «Асман Резиденс-1» турак жай комлексин көрүп чыкты

201

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан «Асман Резиденс-1» турак жай комлексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Темиркул Балтабаев мында 12 кабаттуу 8 үй курулуп жатканын маалымдады. Батирлердин жалпы саны – 543.

Бүгүнкү күндө алтынчы кабатка чейин жылуулоо иштери жүрүүдө, алтынчы кабаттан он экинчи кабатка чейин сырткы дубалдары көтөрүлүп, фасадын кооздоо, ички жасалгасы жана терезе коюу иштери жасалып жатат.

Долбоор боюнча спорттук жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтотуучу жай, коомдук тамактануу объекттери жана соода борборлору каралган. Турак жай комплекси жалпы аянты 1,3 га жерде жайгашкан.

Президент Садыр Жапаров аткарылып жаткан иштердин жана колдонулуучу курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

202