7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Оштогу “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде ооз ачар өткөрдү

312

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитине барып, намаз окуп, чогулгандардын баарына ооз ачар өткөрдү.

Мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, анын ыймандын бекемделиши жана сооп иштер үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мусулмандарга орозо кармоодо сабырдуулук, үй-бүлөдө бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак каалады.

“Ыйык Орозо айы — кайрымдуулуктун, жакшылыктардын жана руханий тазалануунун мезгили. Үйлөрүңүздө тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык өкүм сүрсүн. Бардык тилектер кабыл болуп, кайрымдуу иштер сизге жана жакындарыңызга кут-береке жана өнүгүү алып келсин. Сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, бакыт-таалай жана биримдик каалайбыз», — деди Садыр Жапаров.

Иш-чаранын аягында президент мечитке келгендер менен баарлашып, алардын каалоолорун угуп, бир туугандык жана биримдик маанайында чогуу отуруп, тамактанды.

313