7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Парижге жөнөп кетти

665

Президент Садыр Жапаров Франция Республикасынын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы «Бир Планета Саммитине» катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы «Électricité de France» жана «Total» компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда», — деп билдирди Азымбакиев.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда иш сапары менен Ташкент шаарында болду.

666