10-январда президенттик шайлоо жана референдум болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын чыгарып жатат. Саат 23: 00гө карата добуштарды электрондук эсептөө боюнча, шайлоочулардын 79,15%ы, башкача айтканда, миллиондон ашык кыргызстандыктар Садыр Жапаровго добуш беришти.
Садыр Жапаров саат 22: 30дө башкы кеңсесинде маалымат жыйын өткөрдү.
«Парламенттик шайлоо май айынын аягында болот. Ат салышкан партиялардын жарышы административдик ресурссуз, паракорчулуксуз жана башка мыйзам бузууларсыз таза өткөрүлөрүнө күбө болосуздар. Мындан ары бардык шайлоо ачык-айкын өтөт. Мен буга чейин блокчейн системасы ишке ашырылат деп убада бергем. Келечекте ал бардык урналарга орнотулат, жана бардык жарандар, кайсы жерде болбосун, добуш бере алышат», — деди ал.
Жапаров ошондой эле БШК шайлоонун жыйынтыктарын бурмалабайт деп кошумчалады.
«Элдин аң-сезиминде БШК жыйынтыктарды бурмалап жатат деген пикир калыптанып калган. Мен дагы ошондой пикирде элем. Бирок мен бийликке келип, БШКдагы серверлерди жана көзөмөлдү текшергенде, андай эмес экенине ынандым, бул мүмкүн эмес», — деп жыйынтыктады ал.