7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырды

303

Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырды. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге берген маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, кезексиз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда, Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматынан кетип, азыркы өкмөт отставкага кеткен.

Жаңы курам куралып, ишке киргиче премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер Артем Новиковго жүктөлдү.

Өкмөттүн убактылуу милдетин аткаруучу мүчөлөрүнө жаңы өкмөт башчы шайланганга чейин өз милдеттерин аткаруу милдети жүктөлгөн.

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт. Аны уюштуруу боюнча комитет түзүлдү.

Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Инаугурация аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

304