7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров президенттик шайлоо тууралуу Конституциялык сотко кайрылды

151

Президент Садыр Жапаров өзүнүн ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу Баш мыйзамда кандай каралганын чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылды. Мындай маалыматты Консот таратты.

Мамлекет башчынын кайрылуусуна коомдо жана эксперттик чөйрөдө бул маселелер боюнча карама-каршы пикирлер пайда болуп, мыйзамдык так эместик жаралууда деген пикирлер себеп болгонун билдиришти.

Бир катар юристтер 2021-жылдагы референдумда кабыл алынган «КРдин Конституциясы жөнүндө» мыйзамдын жоболору Баш мыйзамдын 2010-жылдагы редакциясындагы айрым ченемдеринде көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча ар башкача түшүндүрмөлөр болуп жатканын айтышууда. Бул жагдай шайлоо жараяны, бийликтин мыйзамдуулугу жана коомдогу туруктуулукка таасир этиши мүмкүн деп белгиленүүдө.

Ошондуктан президент бул жааттагы алешемдикти, суроо жараткан учурларды жоюу, мүмкүн болгон саясий чыңалууну алдын алуу жана шайлоо тартибин тактоо максатында кайрылганын айтышты. Эми бул иш 17-февралда каралмакчы.

152