7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров прокурорлорду ишти сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болууга чакырды

693

Бүгүн, 20-ноябрда президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада, көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлерин ишти сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болууга чакырды.

Мамлекет башчысы ар бир кылмыш жөнүндө билдирген адам  принципиалдуу жана калыс  тергөө жүргүзүү аркылуу, мамлекет тарабынан — анын тебеленген укуктарынын реалдуу түрдө калыбына келтирүүнү жана камкордукту сезүүсү зарыл экенин белгиледи. Аны менен бирге, ар бир кылмышкер сөзсүз жазаланууга тийиш.

Садыр Жапаров өнүккөн мамлекеттин маңызы — бул өнүккөн коом экенин белгиледи. Мамлекеттин жашоосундагы бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу  туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн өбөлгө түзөт. Ошондуктан, прокурорлор мыйзам сакчылары катары мамлекеттин учурдагы өнүгүү жолуна түшкөн саясатын бардыгына бирдей жана так аткарылышына  прокурордук көзөмөл кылып,  мыйзам бузууга жол бергендерге принципиалдуу чара көрүшү зарыл.

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын кызматкерлеринин арасында тартипсиз кызматкерлер дагы жок эмес экенине, аларга карата буга чейин чаралар көрүлгөнүнө өзгөчө көңүл бурду. Алардын айрымдары кармалып, айрымдары кызматынан алынды.

Өлкө башчы мындай кызматкерлерден тазалануу керектигин белгиледи. Анткени, ошондо гана элдин ишенимин жогорулатууга мүмкүн болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694